Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Пакистан элчилигинин ондогон кызматкери Индиядан чыгарылды


Пакистандын чек арачылары мекенине кайтып келаткан дипломаттарды текшерүүдө. 30-июнь, 2020-жыл.
Пакистандын чек арачылары мекенине кайтып келаткан дипломаттарды текшерүүдө. 30-июнь, 2020-жыл.

Пакистандын Делидеги элчилигинин 143 кызматкери үй-бүлөлөрү менен 30-июнда мекенине кайтышты.

Буга чейин Индия өкмөтү Пакистандын Делидеги элчилигиндеги кызматкерлердин жарымын өлкөдөн чыгарууну чечкен. Дипломаттар тыңчылык менен алектенип, “террордук уюмдар” менен байланышта болгон деп шектелүүдө.

Ал эми ушул айдын башында Индиянын Исламабаддагы элчилигинин эки кызматкери дайынсыз жоголгон.

"Reuters" агенттиги эки өлкө ортосундагы дипломатиялык демарштар көндүм көрүнүш болуп калганын белгилейт.

Индия менен Пакистандын аскерлери талаштуу Кашмир аймагында да маал-маал кагылышып турат.

XS
SM
MD
LG