Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Орусиядагы элчилик: Жети миңдей адам Кыргызстанга кайтууга жардам күтүп жатат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен мекенине кайтууга жардам сурап кайрылган кыргыз жарандарынын саны 7 миңден ашат. Бул тууралуу 30-июнда элчилик кабарлады.

Мекеме билдиргендей, мынча адам үчүн бир күндө авиакаттам уюштуруу мүмкүн эмес.

Элчилик бир жумада Москва – Бишкек жана Москва – Ош багыты боюнча эки каттам уюштуруп туруу пландалып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 20-марттан 27-июнга чейин Орусиядан 11 миң 784 кыргызстандык мекенине 53 чартердик авиакаттам жана 20 автобус менен жеткирилди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө чек аралар жабылып, авиакаттамдар убактылуу токтогон. Чет жактан кайта албай калган мекендештер маселеси Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, депутаттар өкмөттөн аларга жардам берүүнү талап кылышкан.

Орусияда, расмий маалыматка караганда, 750 миңдей кыргызстандык эмгек мигранты бар. (RK)

XS
SM
MD
LG