Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Ырчы Болот Тасмаев оорудан кайтыш болду


Маркум Болот Тасмаев.
Маркум Болот Тасмаев.

Кыргызстандык ырчы, тамада Болот Тасмаев 30-июнда Бишкекте каза болгонун анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты.

Алардын айтымында, 49 жаштагы Тасмаев кант диабетинен жабыркап жүргөн. Жакындары кант диабетинен улам анын каны коюуланып кеткенин жана асма ийне алып жатып жарым саатта үзүлүп кеткенин билдиришти. Сөөгү качан, кай жакка коюлары азырынча тактала элек.

Маркум 1971-жылдын 3-январында Аксы районунда туулган. Бишкекте жашап, иштеген. Анын артында жубайы жана кызы калды.

Болот Тасмаевдин "Сен билген жоксуң", "Аксынын болом кулуну", "Алгачкы сүйүү", "Кусалык", "Сезген жоксуң" деген ырлары калың элге кеңири таанымал.

XS
SM
MD
LG