Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Иранда сынчыл журналист өлүм жазасына кесилди


Рухолла Зам
Рухолла Зам

Иранда бийликти сындаган материалдары менен белгилүү журналист Рухолла Зам эң катаал жаза алды.

30-июнда Ирандын сот системасынын расмий өкүлү Голамхоссейн Эсмаили буларды айтты:

“Ага тагылган 13 айып “жер жүзүнө коррупцияны жайылтууга тете” деп табылгандыктан өлүм жазасын чегерилди”.

Замдын AmadNews сайты жана Телеграм-каналы 2017-жылы башталып, апталап созулган, он миңдеген адам катышкан өкмөткө каршы нааразылык акцияларын уюштурууга зор өбөлгө болгон. Ал каршылык акциялары качан жана кайсы жерде өтөрүн, андан тышкары аткаминерлердин кыңыр иштерин жарыялап турган.

Парижде жашап, иштеп жаткан Зам 2019-жылдын октябрында Иранда белгисиз жагдайда камакка алынган. “Чек арасыз кабарчылар” уюму ал Иракта жүргөндө Ирандын Ислам революция сакчысы корпусу тарабынан кармалып, уурдалганын билдирген. Уюм журналистке каршы сотту “ашкере адилетсиз” деп баалаган.

XS
SM
MD
LG