Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сот уланат


Зилалиевди сотко алып келүү учуру.
Зилалиевди сотко алып келүү учуру.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июлда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге байланыштуу кылмыш ишин кароону улантары күтүлүп жатат.

Адвокаттардын билдирүүсүндө, акыркы жараян 17-июнда өткөн. Актоочу тарап иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурап, натыйжада кийинки сот иши 1-июлга белгиленген.

Ага чейин сот бул кылмыш ишинин мөөнөтүн кароону жана Зилалиевдин тергөө абакта кармоо убактысын 11-августка чейин узарткан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында отурат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG