Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

УКМК: Нарында «Хизб ут-Тахрирдин» мүчөсү болгон алты аял камалды


Атайын кызмат жалпысынан алты аял кармалганын кабарлады.
Атайын кызмат жалпысынан алты аял кармалганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарында диний-экстремисттик уюмдарга бөгөт коюу иштеринин алкагында алты аял кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү экени аныкталды.

«Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрирге» үгүттөөгө багытталган материалдарды камтыган планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталары жана жазуусу бар күндөлүктөр табылды. Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү», деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөр Нарындагы №24 убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт сотко чейинки териштирүүгө Жазык кодексинин «Экстремисттик уюм түзүү» беренесинин негизинде алынды.

«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG