Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:34

COVID-19: Бир суткада беш бейтап каза болду, оору жуккан 439 адам жаңы катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң көп көрсөткүчкө жетти. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, кечээтен бери 439 бейтап жаңыдан катталды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 195 адам. Чүй облусунда 175, Жалал-Абад облусунда 24, Баткен облусунда 13, Талас облусунда 12, Нарын облусунда 10, Ош шаарында жана Ош облусунда бештен адам.

Бир сутка ичинде беш бейтап каза болду: Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 57 жана 67 жаштагы эки эркек бейтап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 60 жаштагы эркек бейтап, Чүйдөгү Москва аймактык ооруканасында 70 жаштагы эркек бейтап, Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында 72 жаштагы аял бейтап.

Илдеттен дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG