Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Ошто COVID-19 инфекциясын аныктачу пробиркалар түгөндү


Тест пробиркасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Тест пробиркасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык санитардык лабораториясында COVID-19 вирусун аныктачу 200дөй пробирка калды. Бул пробиркалар оор абалдагы бейтаптардын анализин тактоого иштетилип жатат.

Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, учурда дагы 1502 адамдын анализи «Eppendorf» пробиркалары жетишпегендиктен тоңдурулган боюнча аныкталбай турат.

«Пандемия башталгандан бери шаардык лаборатория ПЧР анализ алгандарга 36 миң даана «Eppendorf» пробиркасын иштетти», деп айтылат маалыматта.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, тартыштыкты жоюу багытында ыкчам аракеттер көрүлүп жатат.

Ош шаарында 27-июнда 94 адамдан коронавирус табылган. Бул жалпы пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч болгон.

28-июнда 33,26-июнда 47 адамдан коронавирус чыккан.

30-июнь күнкү көрсөткүчкө ылайык, Ош шаарында бир адамдан вирус чыккан. Ал эми 1-июль күнү беш кишиден коронавирус табылганы расмий маалымдалды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин 1-июлдагы маалыматы боюнча өлкө боюнча кечээтен бери коронавирус жугузган 439 бейтап жаңыдан катталды. Алардын бешөө - Ош шаарынан.

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG