Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өтүп жатат


Кыргызстандын президентин шайлоо. Ош шаары. Октябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын президентин шайлоо. Ош шаары. Октябрь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

1-июлда Ош облусундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрин шайлап жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Бир күн мурун шаардык кеңештин имараты толук дезинфекцияланган. Добуш берүүгө катышуучулардын баары медициналык беткап менен мээлей кийип, 1,5-2 метр аралыкты сактоого тийиш. Имаратка кире бериште жана бюллетень берилүүчү жайга санитайзер коюлуп, катышуучулардын дене табы өлчөнүүдө.

Добуш берүү саат 9:00дө башталган. 12:00дө аяктайт.

Мэрликке жалгыз талапкер – Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) шаардагы өкүлү Адыл Лолобаев.

Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп жатат.

Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Шайлоону Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы жүргүзүүдө.

Кара-Суу шаарынын мурдагы мэри быйыл 2-мартта өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. БШК шайлоону 25-мартка белгилеген. Пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

БШКнын 26-июндагы чечими менен Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 1-июлга дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG