Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:42

Орусияда Конституция үчүн добуш берүү жыйынтыкталууда


Казань шаарындагы добушкана. 1-июль, 2020-жыл.
Казань шаарындагы добушкана. 1-июль, 2020-жыл.

Орусияда Конституцияны өзгөртүш үчүн добуш берүү соңуна чыкканы калды. Коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгынан улам добушканалар 25-июндан тартып иштей баштап, 1-июль эң негизги күн катары белгиленген.

Шейшембиде өлкө президенти Владимир Путин элине кайрылып: «Кымбаттуу достор, өз сөзүңөрдү айтууну өтүнөм. Ар бириңердин добушуңар эң башкы жана эң маанилүү», деп билдирди.

Орусиянын Баш мыйзамына жалпысынан 200дөй толуктоо жана тактоо киргизилүүдө. Арасында Владимир Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу да бар. Андай болгондо Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылат. Мындан тышкары орус тилин «мамлекетти түзүүчү элдин тили» катары белгилөө, «тарыхты бурмалоого» тыюу салуу сыяктуу жаңылоолор бар.

Долбоорун Мамлекеттик Дума жактырып, президент кол койгон өзгөртүүгө жарандар добуш берсе гана күчүнө кире турганы маалымдалган.

2000-жылдан бери президент жана премьер-министр (2008-2012) катары Орусияны башкарып келген Путиндин мөөнөттөрүн жокко чыгарууну оппозиция жана активисттер катуу сынга алып, өлкө аймактарында митинг-пикеттер өткөн.

XS
SM
MD
LG