Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Сагымбаев: Атамбаевге вирус жугуп калышына бийликтин кызыкчылыгы бар


Алмазбек Атамбаев (оңдо) мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев менен. Кой-Таш айылы. 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевге коронавирус жугушуна бийликтин кызыкчылыгы бар деп эсептейт. Сагымбаевдин мындай маанидеги билдирүүсүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Атамбаевди жактаган тарабы 1-июлда таратты.

Анда Сагымбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилелери бузулгандан кийин Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна үч жолу коркунуч туулганын, жансакчысы катары УКМКга кошумча күч сурап кайрылса, эч кандай чара көрүлбөгөнүн маалымдаган.

Билдирүүдө: «Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар экенин билип туруп, сот отурумундарына атайылап алып келип жатышты. Мен ооруп короновирустун белгилери бар экенин айтып, судьядан чара көрүүнү сурансам, айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма отургузууга сунуш киргизип калды. Судья Марат Сыдыков карантиндеги талаптарды аткаруунун ордуна айыптоочу тараптын сунушун канааттандырды. Алмазбек Атамбаевге вирус жугуп калышына бийлик кызыкчылыгы бар экени ошондо эле билинип калган», деп жазылган.

Канат Сагымбаев бул үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, анын биринчи орун басары Талантбек Салиевди жана тергөө жетекчиси Самидин уулу Сагынбекти айыптаган.

Сагымбаевдин бул билдирүүсү боюнча УКМК эч кандай комментарий бере элек.

УКМК 30-июнда тараткан маалыматта атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев өпкөсү эки тарабынан сезгенгенине байланыштуу атайын ооруканага которулганы кабарланган. Коопсуздук органы Атамбаев коронавируска чалдыкканы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Ага чейин Алмазбек Атамбаевдин жакындары «ага атайылап коронавирус илдети жугузулган» деп билдиришкен болчу. УКМК бул дооматтарды да четке каккан. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG