Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Казакстанда дин аалымы Абдыгаппар Сманов коронавирустан каза болгону кабарланды


Ооруканада коронавирустан каза болгон адам. Ооганстан. Июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооруканада коронавирустан каза болгон адам. Ооганстан. Июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда дин аалымы Абдыгаппар Сманов коронавирустан каза болгону кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Казакстанда жана жалпы Борбор Азияга таанымал болгон дин аалымы Абдыгаппар Смановдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтуусун жарыялады. Муфтият «Абдыгаппар Сманов коомчулукка ислам дининин баалуулуктарынын жеткирүүдө абдан чоң салым кошкон» деп белгилеген.

Абдыгаппар Сманов коронавирус оорусу тууралуу «мусулмандарга көрсөткөн кордугу үчүн Кытайга вирус жиберип, Алла жазалап жатат» деген сөзү Интернетте кеңири тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG