Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Мирзиёев милициядагы кыйноону кескин сынга алды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июндагы сот адилеттигин камсыздоо жана коррупцияга каршы видеожыйын учурунда күч кызматкерлеринин шектүүлөргө көрсөткөн зомбулугун кескин сындады. Президент быйыл эки киши милициянын кыйноосунан кийин өлгөнүн эске алды.

Январда Чыракчы районунда мал уурдоого шектелип кармалган 32 жаштагы жигит ички иштер бөлүмүндө токмоктолуп каза тапкан. Дагы бир 32 жаштагы тургун Анжиян шаар милициясындагы ур-токмоктон кийин комага түшүп, 11-июнда каза болгон.

Президент бул кайгылуу окуялар системанын жетекчилерин ойготуп, айкын жыйынтык чыгарууга түртүшү керек экенин белгиледи. Ал ушу тапта Ички иштер министрлигинин 11 кызматкери жоопко тартылып, жети жетекчи кызматтан алынганын, 16сы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын кошумчалады.

Ошондой эле президент Мирзиёев жарандар алигиче сот системасына ишенбей турганын белгиледи. Анын айтымында, ушул жылы президентке түшкөн кайрылуулардын сегиз миңден ашуунунда же 44% адамдар сот адилетсиздигине, процесстердин себепсиз создуктурулушуна арызданышкан.

XS
SM
MD
LG