Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Бишкекте бир катар чектөөлөр киргизилди


Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу баш калаада коомдук транспорттун, коомдук тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте коомдук транспорт - автобус, троллейбус, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштешет.

Мындан тышкары велосипедди ижарага берүү пункттарынын, балдардын оюн аянтчалары менен батуттардын ишине толук тыюу салынды. Балдардын оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары да таптакыр иштебейт.

Ошондой эле көчөдө уруксатсыз соода кылууга жана адамдарды тейлөөгө да уруксат жок.

Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. «Түндүкэлектр» жана «Бишкексууканал» ишканаларына кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн бул мекемелерге берилген суу жана электр жарыгын токтотуу сунушталат.

Мэрия элге парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө коюлганын эскертүүдө.

Бишкекте 1-июлга карата 195 адамдан коронавирус табылган. Жалпы шаар боюнча илдетке чалдыккандар 2392 адамга жетти. Оору жуккандардын көпчүлүгү аны кайдан, кантип жугузуп алганын билбейт.

Шаардагы ооруканаларда орун жетишпей жатканы кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG