Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

2-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градус болот.

XS
SM
MD
LG