Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Эки спортчунун өлүмүнө шектүү айдоочу кармалды


Велоспортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоров

Эки спортчунун өлүмүнө шектүү 39 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Триатлон федерациясы билдирди.

Велоспортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоров 30-июнда жол кырсыгынан каза болушкан. Окуя "Манас" аэропортуна кетчү трассада катталган.

Маалыматка караганда, "Audi C4" үлгүсүндөгү автоунаа шаарды көздөй келе жаткан велосипедчендерди сүзүп кеткен. Алардын бири ошол жерден жан берген, экинчиси ооруканага жетпей көз жумган.

Федерациянын маалыматына караганда, эки спортчу тең велоспорт менен кесипкөй деңгээлде машыгып келген. СССР учурунда, кийин Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да көп сыйлыктарга татышкан.

Илья Сидоров СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери болгон.

Требунский Кыргызстандын Триатлон федерациясынын түптөлүшүнө катышкан. Сидоров федерация мүчөсү болуп, "Indoor Triathlon" мелдештерине катышкан. (ZKo/GT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG