1-июлдан тартып поезд каттамы ачылгандыктан Чехиянын тургундары Хорватияга агылууда. Алар негизинен Прагадан Риека порт шаарына деңиз жээгинде эс алыш үчүн келгендер.
Чехия Евробиримдикте алгачкылардан болуп карантиндик чектөөлөрдү киргизип, COVID-19 илдетин ооздуктай алган.
Хорватиянын туризм министри Гари Капеллинин айтымында, анын өлкөсүнө жыл сайын жүз миңдеген чех жана словак жарандары эс алууга келишчү. Пандемияга байланыштуу быйылкы сезон убагында ачылган жок.
«Алгачкы поезд менен 500дөй киши келди. Поезд күн сайын каттайт, ушу кезге чейин 30 миң билет сатылды. Бул көрүнүш августка чейин уланып, Хорватиядагы туристтер көбөйөт. Азыр эле өлкөдө 300 миңдей конок бар», - деди министр Капелли.
Хорватиянын жылдык ички дүң өнүмүнүн 20% туризмдин кирешесинен чогулат. Коронавирус пандемиясынан бул тармак өзгөчө жабыркагандыктан хорват бийлиги экономика 9,4% төмөндөй турганын апрель айында билдирген.