Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:08

Коронавирустан дагы төрт бейтап каза болду, оору жуккан 526 адам жаңы катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң жогорку көрсөткүчкө чыкты. 2-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдиргендей, кечээтен бери 526 бейтап жаңы катталды.

Алардын эң көбү Чүй облусунда - 231 адам. Бишкек шаарында 211, Жалал-Абад облусунда 27, Ош шаарында 19, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Ош облусунда алты, Нарын облусунда үч жана Талас облусунда бир адам.

Бир сутка ичинде төрт бейтап каза болду: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 71 жаштагы бир эркек, Ноокат аймактык ооруканасында 70 жаштагы бир эркек, Кочкор аймактык ооруканасында 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек бейтап.

Илдеттен дарыланып жаткан 87 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG