Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Марипов: Каза болгон дарыгер менен медайым Ноокат аймактык ооруканасында иштечү эмес


Ноокат аймактык ооруканасынын кире бериши.
Ноокат аймактык ооруканасынын кире бериши.

«Ноокат райондук ооруканасында эки дарыгер каза болду» деген маалыматты оорукананын жетекчиси Асамидин Марипов «чындыкка жатпайт» деди. Анын айтымында, медайым райондук ооруканада иштечү эмес. Ал эми ардагер дарыгерден болсо COVID-19 табылган эмес.

«Медайым Бишкекте жашаган баласынан жугузуп алган. Экөө ооруканага оор абалда түшүп, эки-үч күндөй жатышты. Өпкөсү иштен чыгып түнкү саат экилер чамасында каза болду. Ал (медайым) райондук ооруканада иштеген эмес. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болгон. Ал эми 70 жаштагы ардагер дарыгердин ПЧР анализи таза чыккан. Ал жүрөгүнө кан уюгандан улам каза болгон», - деди Марипов.

Ош облусунда алгачкы жолу Ноокат районунда 20-март күнү COVID-19 жугузуп алгандар аныкталган. Ошол эле күнү районго өзгөчө кырдаал жарыяланып, оорунун очогу чыккан айылдар тосулган.

2-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдиргендей, кечээтен бери 526 бейтап жаңы катталды. Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530 бейтап айыгып кетти. (DU)

XS
SM
MD
LG