Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

АКШда кытай лагерлеринде чачтан жасалган товар камакка коюлду


Хотандагы лагерлердин бири.
Хотандагы лагерлердин бири.

Кошмо Штаттарынын Бажы кызматы Шинжаң аймагындагы саясий лагерлерде кармалып тургандар жасаган деп шек туудурган, чачтан жасалган товарды камакка койду.

Мындай товар «Lop County Meixin» компаниясына таандык экени, жалпы баасы 800 миң долларга бааланган өндүрүмдүн бир бөлүгү болгону айтылды.

Чек ара жана бажы кызматынын соода боюнча вице-комиссары Бренда Смит мындай товар «адам укуктарын олуттуу бузуу болуп саналат» деп билдирди. Ошондой эле Кытайда лагерлерде эркинен тыш кармалып тургандардын, алардын арасында балдардын эмгеги колдонулганын айыптады.

«Lop County Meixin» - Шинжаңжагы чачтан товар өндүргөн ири компаниялардын бири. Алардын товарлары сулуулук салондорунда чачты жасалма өстүрүү, узартуу, өрүп-байлоо үчүн колдонулат. Аталган компания соңку доомат боюнча азырынча үн ката элек.

Буга чейин Кытай бийлиги лагерлерде камалып тургандардын бир бөлүгүн фабрикада мажбурлап иштетип жатканы тууралуу маалымат чыккан.

2017-жылдан бери Бээжин өзү «тарбиялоочу лагерлер» деп аталган жайларга байланыштуу эл аралык коомчулуктун дооматына кабылып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, ушул тушта Кытайда жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрү атайын лагерлерде эркинен тыш кармалып турат. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атайт.

АКШда Өкүлдөр Палатасы Бээжиндин аз улуттарга карата саясатынан улам Кытайга санкция салууну караган мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Анын алдында бул документти Сенат да жактырган болчу.

XS
SM
MD
LG