Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Иран өзөктүк жайдагы «окуянын» зыяны тийбегенин билдирди


Иран менен дүйнөлүк алты державанын 2015-жылдагы келишиминен кийин Натанз заводун ушул тушта МАГАТЭ көзөмөлдөйт.
Иран менен дүйнөлүк алты державанын 2015-жылдагы келишиминен кийин Натанз заводун ушул тушта МАГАТЭ көзөмөлдөйт.

Иран бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттиги (МАГАТЭ) көзөмөлдөгөн жайларынын биринде «адаттан тыш жагдай» болгонун ырастады. Бирок анда кандайдыр бир зыян болбогонун билдирди. Атом энергетикасы боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди Натанздагы уран байыткан заводдун жаңы курулуп жаткан бир имараты гана жабыркаганын, ал «өндүрүш кампасы» гана болгонун билдирди. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Камалвандиге шилтеме кылып, «бул окуяда эч ким зыян тартпаганын жана комплекстин иши үзгүлтүккө учурабаганын» жазышты.

Буга чейин бул заводдо кандайдыр бир курулуш иштери башталганы тууралуу маалымдалган эмес.

Иран менен дүйнөлүк алты державанын 2015-жылдагы келишиминен кийин Натанз заводун ушул тушта МАГАТЭ көзөмөлдөйт. Өткөн жылы иран бийлиги бул жайга МАГАТЭнин өкүлдөрүн киргизбей койгонуна байланыштуу чуу да чыккан.

2018-жылы АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген.

Дээрлик беш жыл мурда Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөө милдетин алган. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар токтотулушу керек эле.

XS
SM
MD
LG