Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Казак-өзбек чек арасында жүздөгөн тажик мигранты ара жолдо калды


Өткөн айда «Жибек жолу» өткөрмө бекетинде бир канча жумалап турган 635 тажик жараны 14 автобус менен мекенине кайтарылган.
Өткөн айда «Жибек жолу» өткөрмө бекетинде бир канча жумалап турган 635 тажик жараны 14 автобус менен мекенине кайтарылган.

Казакстандын «Жибек жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында мекенине кайтууну көксөгөн, Өзбекстандын чек арасынан өтө албай калган жүздөгөн тажикстандык жарандар топтолуп турат. Тажикстандын Казакстандагы элчилиги автобекетке тажик жарандары дагы топтолуп калганын ырастады, бирок алардын саны 100гө чукул эле адам экенин, негизинен кары-картаңдар, жаш балдар болорун белгиледи.

Ушул тушта казак-өзбек чек арасында ара жолдо калгандар аларды бул жерге Алматы аркылуу тажик элчилигинин кызматкерлери жети автобус менен алып келишкенин, бери дегенде 300дөй адам бар экенин айтып беришти. Ошондой мигранттар ай талаада, эч жардамсыз калганына нааразы болуп жатышат.

Өткөн айда Миграция боюнча эл аралык уюм АКШнын, Норвегиянын жана ЮНИСЕФтин каржылык көмөгү менен «Жибек жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинде бир канча жумалап турган 635 тажик жаранын 14 автобус менен мекенине кайтарган болчу.

Коронавирус пандемиясынан улам казак-өзбек чек арасы март айынан тартып жабык турат.

XS
SM
MD
LG