Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Орусияда шайлоочулардын 78% жакыны Конституцияны өзгөртүүнү колдоду


Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү.
Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, протоколдордун 100% саналгандан кийин добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду.

Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түздү.

Конституцияны өзгөртүүнү колдогондордун саны боюнча Чеченстан озуп чыкты. Бул өлкөдө мындай көрсөткүч 97,92% жетти. Ненец автоном окуругунда тескерисинче референдумда бийликтин сунушун колдобогондор көпчүлүктү түздү жана бул аймакта добуш бергендердин теңинен көбү өзгөртүүлөргө каршы экенин билдиришти.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси - президент Владимир Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышууга жол ачкан жобо болуп саналат.​

Владимир Путин ушул жылдын башында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган жана жалпы элдик референдум алгач 22-апрелге белгиленген. Бирок коронавирустан улам анын мөөнөтү кийинкиге жылган. Өлкөдөгү оппозиция лидерлери, айрым жарандык активисттер бул референдумду Путиндин бийликте көбүрөк калуу айла-амалы катары сынга алып, жарандарды добуш берүүдөн баш тартууга чакырып келишкен.

XS
SM
MD
LG