Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди


Түркиядан кайтып келген кыргызстандыктар. 2-июль, 2020-жыл.
Түркиядан кайтып келген кыргызстандыктар. 2-июль, 2020-жыл.

Стамбул-Бишкек аба каттамы менен 2-июлда «Манас» эл аралык аэропортуна Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар.

Республикалык ыкчам штаб тараткан маалыматка караганда, бул рейс чет мамлекеттерден Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштин алкагында уюштурулду.

Коронавирус пандемиясынан улам бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат.

Алардын көбү Орусияда. Кыргыз тарап Орусиядан адамдарды учак менен да, автобус менен да алып келүүдө. Ушул тапта чек арада күтүп тургандары бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG