Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкекте дем алыш күндөрү такси кызматтарынын ишине уруксат берилди


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында ишемби, жекшемби күндөрү такси кызматтарынын иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Муну менен айдоочулар санитардык талаптарды так сакташы керек.

Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу баш калаада коомдук транспорттун, коомдук тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди.

Бишкекте коомдук транспорт - автобустар, троллейбустар, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Буга чейин анын ичинде такси кызматтары да бар болчу.

Кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин ачык болот.

Мындан тышкары велосипедди ижарага берүү пункттарынын, балдардын оюн аянтчалары менен батуттардын ишине толук тыюу салынды. Балдардын оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары да таптакыр иштебейт.

Ошондой эле көчөдө уруксатсыз соода кылууга жана адамдарды тейлөөгө да уруксат жок.

Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. «Түндүкэлектр» жана «Бишкексууканал» ишканаларына кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн бул мекемелерге берилген суу жана электр жарыгын токтотуу сунушталат.

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 киши кайтыш болду, 2530 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG