Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай 2-июлда «Твиттердеги» баракчасына экс-президенттин коронавируска кайталап тапшырган анализдери таза чыкканын жазды. Ал Назарбаев дагы эле обочодо болорун белгилеп, мындай билдирүүсүнө спорт костюмчан, кара көз айнек тагынган Назарбаевдин сүрөтүн кошо тиркеди.

Назарбаевге коронавирус жуканы 18-июнда белгилүү болгон. Басма сөз катчысы жергиликтүү басылмаларга анын оорусу жеңил өтүп жатканын билдирген.

Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев былтыр кызматтан кетерин күтүүсүз жарыялаган. Ал 6-июлда 80 жаш курагын белгилейт. Анын туулган күнү менен Нур-Султан шаарынын күнү чогуу майрамдалып, жыл сайын баш калаада ири салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлчү. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам анын баары болбой калды.

Казакстанда коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүк комиссия «эпидемиологиялык жагдайды жөнгө салыш үчүн» 5-июлдан тартып кеминде эки жумалык катаал карантин киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Казак премьер-министри Аскар Мамин мындай карантиндик чаралар жагдайга жараша дагы узартылышы же дагы күчөтүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1,5 миңдей адамдан табылды. Бул илдетти 42,5 миң киши жугузуп алып, 188 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG