Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага энеси Салийка Даниярованын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.
Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.
Көңүл айтуу телеграммасында «Салийка Даниярова өмүр жолун ардактуу жана кадыр-барктуу кесипке – мугалимдикке арнап, жаш муунду тарбиялоодо айкын үлгү болду. Ал эгемен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон татыктуу муунду тарбиялаган баатыр-эне катары урматка ээ болду» деп жазылган.
Экс-президент Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында каза болуп, сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылына коюлган.
Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.
Жети кыз, бир уулдун энеси болгон.