Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан кайтыш болду


Маркум Кайрат Загибаев. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Маркум Кайрат Загибаев. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда Бишкекте эки өпкөсү тең кагынып (пневмония) каза болду. Бул тууралуу маалыматты адвокат Канат Хасанов ырастады. Кайрат Загибаевдин «Фейсбуктагы» баракчасына тааныштары көңүл айткан билдирүүлөрдү жазып жатышат. Маркум пневмония менен беш күн мурда ооруканага түшкөнү белгилүү болду.

62 жаштагы Кайрат Загибаев бир катар чуулгандуу иштерде айыпталгандардын адвокаты болгон.

Анын ичинде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазовдун жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген.

XS
SM
MD
LG