Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору (С.А.) кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Ички иликтөө кызматына бир адам кайрылып, майор сотко чейинки териштирүүнү оң жагына чечип бериш үчүн 80 миң сомду опузалап талап кылып жатканын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
2-июлда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) чогуу ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысын пара алып жатканда кармаган.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (BTo)