Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Орусияда COVID-19 жугузуп алгандар кайра көбөйдү


Москвадагы ооруканалардын бири.
Москвадагы ооруканалардын бири.

Орусияда коронавируска чалдыккандардын кайрадан көбөйгөнүн Илдеттин жайылышына каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабдын маалыматы көрсөттү.

Маалыматка караганда, 2-июлга карата бир сутка ичинде вирус 6760 кишиден табылды. Илдет жугузуп алган 147 киши каза болду. 6 047 бейтап айыгып чыкты.

Муну менен Орусияда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 661 165 кишини түздү. Эки күн мурда ооругандардын көрсөткүчү азайганы маалымдалган.

Эпидемия башталгандан бери Орусияда жалпы 9 683 адам вирустун курмандыгы болду. Эксперттер расмий статистикада өлүмдүн саны азайтылып көрсөтүлүп жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG