Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Коронавирус болгон дагы он бейтап көз жумду, 506 адам жаңы катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасынан бир сутка ичинде каза болгондордун саны боюнча эң жогорку көрсөткүч катталды. 3-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, кечээтен бери ооруканаларда 10 бейтап кайтыш болду:

Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 58 жаштагы бир аял, Республикалык инфекциялык ооруканада 54 жаштагы бир эркек, Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы бир медициналык аял кызматкер, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 33 жаштагы бир келин, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы бир эркек, Ысык-Ата аймактык ооруканасында 64, 66, 80 жаштагы үч эркек жана 62, 63 жаштагы эки аял.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 506 адам жаңы катталды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 230 адам. Чүй облусунда - 151, Ош шаарында 36, Ысык-Көл облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 21, Баткен облусунда 19, Ош облусунда 14, Нарын облусунда тогуз жана Талас облусунда бир адам катталган.

Илдеттен дарыланып жаткан 125 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG