Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо качан өтөрү белгисиз


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты:

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан учурда токтотулган. Бул баскычта эл менен жолугушуу, дебаттар, массалык иш-чаралар болот. Башкача айтканда, шайлоонун кызуу фазасы. Азыркы абалда мындай иштерди кылууга шарт жок. Республикалык штаб да «массалык иш-чараларды өткөрүүнү сунуш кылбайбыз» деп билдирди. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге депутат шайлоо токтотулган».

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы чечими менен эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери токтотулган. Ага ылайык, шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталган соң шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоону 4-октябрга дайындады.

Буга чейин айрым депутаттар жергиликтүү кеңештерди шайлоону парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү cунуш кылышкан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерди шайлоо үгүт өнөктүгү баскычында экенин, ал эми парламенттик шайлоонун датасы жаңы гана дайындалганын билдирди. Ал шайлоодо бул маанилүү экенин айтып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG