Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

COVID-19: Баткенде алгачкы өлүм катталды, чектөөлөр кирди


Баткен шаары. 21-март, 2020-жыл.
Баткен шаары. 21-март, 2020-жыл.

Акыркы суткада коронавирус илдетинен Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы тургуну каза болду. Бул илдетке байланыштуу Баткен облусунда катталган алгачкы жоготуу болду. Акыркы суткада аймактын 19 тургунунан илдет жаңы аныкталды.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү коронавирус эпидемиясына байланышкан акыркы жагдайды эске алып, айрым чектөөлөрдү киргизгендигин «Азаттыкка» өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы 3-июлда билдирди.

Ага ылайык жума намаздарды мечиттерде жамаат менен окууга, маараке, нике жана башка тойлорду өткөрүүгө, куран окутууга убактылуу тыюу салынды. Санитардык эрежелерди сактабаган жалпы тамактануучу жайлар, ашканалар, ресторандар, дүкөндөр жабыла турган болду.

Чечимде айдоочулар санитардык эрежелерге баш ийбеген шартта жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорт бир тараптуу токтотулары, коомдук жайлардын жана транспорттун белгиленген иштөө мөөнөтүнөн ашык иштешине тыюу салынары белгиленди.

Акыркы суткада облуста жаңы аныкталган 19 бейтаптын алтоо Лейлек районунан, бешөө Баткен шаарынан, үчөө Кызыл-Кыя шаарынан, үчөө Кадамжай районунан, экөө Сүлүктү шаарынан. Март айынан бери бул илдетке облуста 127 киши чалдыкты.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 506 адам жаңы катталды. Алардын көпчүлүгү - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Катталгандар:

Бишкек шаарында – 230

Чүй облусунда – 151

Ош шаарында - 36

Ысык-Көл облусунда - 25

Жалал-Абад облусунда - 21

Баткен облусунда -19

Ош облусунда -14

Нарын облусунда – 9

Талас облусунда - 1 киши.

3-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кечээтен бери ооруканаларда 10 бейтап кайтыш болгонун билдирди.

Жалпысынан 18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6767 адамдан табылды. Алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып кетти. (JsA)

XS
SM
MD
LG