Францияда премьер-министр Эдуард Филипп өкмөтүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү тууралуу арыз берди жана аны президент Эммануэл Макрон канааттандырды. Өкмөттүн жаңы курамы бекигенге чейин азыркы министрлер кызматын убактылуу аткарып турушмакчы.
Француз өкмөтүнүн кызматтан кетишинин себеби айтылган жок жана бул күтүүсүз окуя болду. Жергиликтүү айрым басылмалар жакында эле Макрон «жаңы команда түзүлөт» деп айтканын жазышты. Ага ылайык, президент ириде социлдык маселелерди чечүүнү көздөгөн өкмөт түзүүнү көздөп жатат.
Жекшембидеги жергиликтүү шайлоодо бир катар ири шаарларда Макрондун борборчул партиясы Жашылдар партиясына утулуп калган.
Өкмөттүн кызматтан кетишинин бир себеби катары өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу абал да аталып жатат. Франция бул оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн тизмесинде 13-орунда турат.
Макрондун саясий санаалашы болгон Эдуард Филипп премьер-министр кызматын сактап калабы, же анын ордуна башка адам дайындалабы - азырынча белгисиз. Ал өкмөт башчы болуп 2017-жылы май айында дайындалган. Ага чейин жети жыл бою Гавр шаарынын мэри болуп иштеген.