Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Индия кытайлык соцтармактарды, тиркемелерди жаап салды


«TikTok» Индиянын айыл-кыштактарында өтө популярдуу.

Индия менен Кытайдын чек арасындагы соңку кагылышуудан улам Нью-Дели Кытайдын 60тай тиркемесине, социалдык тармактарына өз аймагында бөгөт койду. Анын ичинде өлкөдө абдан популярдуу болгон «TikTok» социалдык тармагы да жабылды. Бийлик мындай чечимин улуттук коопсуздукту коргоо аракети менен түшүндүрдү.

«Instagram», «Facebook» жана «Twitter» соцтармактарынан айырмаланып, «TikTok» Индиянын айыл-кыштактарында өтө популярдуу. Ал жакка индиялыктар негизинен ырдап, бийлегендери тартылган кыска видеолорун жайгаштырышат.

«TikTok» - Кытайдын «ByteDance» компаниясына караган социалдык түйүн. Ага колдонуучулар 15 секунддук ыр-күү жана анимация менен коштолгон кыска видеолорду жүктөшөт. «TikTok» - Кыргызстанда да негизинен өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп жаткан тиркемелердин бири.

Өткөн айда Индия менен Кытайдын чек арасындагы Ладах провинциясындагы Галван өрөөнүндө эки өлкөнүн аскерлери кагылышкан.

Нью-Дели бул окуяда 20 жоокерин жоготконун билдирген. Бээжин болсо канча аскери жабыркаганын кабарлаган эмес. Эки өлкө чек арадагы айыгышкан кагылыштан улам бири-бирин күнөөлөгөн. Индияда чек арадагы соңку кагылыштан улам Кытайды айыптаган бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы соңку 45 жылдан берки алгачкы тиреш болуп калган. Галвандагы Кытай-Индия чек арасы начар демаркацияланган.

Эки мамлекет Галвандагы чек ара тилкесин 1962-жылдагы жаңжалдан кийин демаркациялаган. Ал кагылышта Индия жеңилип калган жана Нью-Дели Бээжинге 38 миң чарчы чакырым жерин ээлеп алганы боюнча доомат коюп келет.

XS
SM
MD
LG