Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Мьянмада нефрит шахтасындагы кырсыкта ондогон адам мерт болду


Кырсыкка бир нече күндөн бери тынбай төккөн жаан себеп болгону кабарланды.
Кырсыкка бир нече күндөн бери тынбай төккөн жаан себеп болгону кабарланды.

Мьянманын түндүгүндөгү шахтада жүргөн жер көчкү 160тан көп адамдын өмүрүн алды. Дайынсыз жоголгондорду издеп куткаруу иштери уланып жатат. Андан сырткары 50дөй киши ооруканага жеткирилди.

Качин штатындагы нефрит шахтасындагы кырсык 2-июлда болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, каза тапкандардын көбү кен чыккан жердин жанындагы кыштакта жашаган мигрант жумушчулар болчу. Алар тоонун боорунан нефрит таштарын чогултуп жүрүшкөндө ылай басып калган.

Кырсыкка бир нече күндөн бери тынбай төккөн жаан себеп болгону кабарланды.

Жергиликтүү басылмалар өлкөдөгү шахталарда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан адам өлүмү көп катталарын жазышты.

XS
SM
MD
LG