Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

COVID-19: Ишкерлер кошумча орун үчүн мейманканаларын, тойканаларын сунуш кылып жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус болгон же өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан бейтаптарга кошумча орун үчүн менчик имараттарын убактылуу берүүгө даяр ишкерлерден, активисттерден дагы эле сунуштар түшүп жатат.

Ош шаарынын тургуну Жаныбек Ажимаматов 6-июлдан тартып «Классик» мейманканасын пневмонияга кабылгандар үчүн убактылуу госпиталь катары пайдаланууга берип жатканын шаардын мэриясы 3-июлда кабарлады.

Ага чейин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков 300 орундуу «Карагат» тойканасын коронавируска каршы күрөшкө бошотуп берүүгө даяр экенин билдирген.

Жаш ишкер Нурсултан Кубанов: «Бизде Бишкекте беш окуу борборубуз бар, алардын эң чоңун коронавирус илдети менен күрөшүп бүткөнчө берип турууга даярбыз» деп жарыялаган.

Бишкектик ишкер айым Бурул Кушбек үй-бүлөлүк мейманканасын убактылуу пайдаланууга берүүгө даяр экенин социалдык түйүндөргө жазган.

Мындай жардамдан өкмөт баш тартпай турганын, болгону ал жактын шарты боюнча талаптар болушу ыктымал экенин «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

«Баш тартпайбыз. Балким, медицина кызматкерлери үчүн обсерватор катары колдонобузбу, балким биринчи медициналык жардам көрсөтүлө турган бейтаптарды жаткырабызбы, албетте, ар бир жардамды кабыл алабыз!»

Кыргызстанда коронавирус жуккандар кийинки күндөрү көбөйүп жатат. Орун жетпегендиктен инфекциялык илдетти дарылоого тиешеси жок ооруканаларда да кошумча жайлар ачылууда.

Жалпысынан 18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып кетти.

Пневмонияга чалдыккандардын саны 2508 болду, 120сы кайтыш болду, алардын 664ү сакайып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG