Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Казакстан эки ири шаарын карантинге жабат


Казакстан 5-июлдан тартып эки апталык катаал карантинге кайтат.
Казакстан 5-июлдан тартып эки апталык катаал карантинге кайтат.

Чыгыш-Казакстан облусундагы Өскемен (Усть-Каменогорск) жана Семей шаарлары 5-июлдан тартып карантинге жабылат. Бул тууралуу аймактын акими Даниал Ахметов билдирди. Анын айтымында, бийлик аталган шаарларда коронавирус илдетинин жайылышын басаңдатууга аракет кылып жатат. Ушу тушта облуста COVID-19 илдети жуккан 710 адам аныкталган, алардын басымдуу бөлүгү өткөн айдын аягында катталган.

Казак бийлиги өлкөдө 5-июлдан тартып эки жумалык катаал карантин чараларын кайрадан киргизип жатат. Премьер-министр Аскар Мамин жагдайга жараша мындай чаралар дагы күчөтүлүшү же мөөнөтү узартылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Президент Касым-Жоомарт Токаев май айында карантин эрежелери жумшаргандан бери өлкөдө ооругандар жети эсе көбөйгөнүн айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Казакстанда коронавирус менен ооругандар 44 миңден ашты, бул илдеттен 200дөй бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG