Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Францияда Жан Кастекс өкмөт башчы болуп дайындалды


Жан Кастекс.
Жан Кастекс.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Жан Кастексти премьер-министр кылып дайындады. Елисей сарайы Кастекс буга чейин Франциядагы карантин чараларын жумшартуу боюнча иштерди координациялаганын билдирди.

Мунун алдында Эдуард Филипп башында турган өкмөт мөөнөтүнөн мурда күтүүсүз кызматтан кеткен. Макрон Филипп жазган арызды канааттандырган жана өкмөттүн кеткен себеби ачык айтылган эмес.

Жергиликтүү айрым басылмалар жакында эле Макрон 2022-жылдагы президенттик шайлоону утурлай «жаңы команда түзүлөт» деп айтканын жазышкан. Ага ылайык, президент ириде социлдык маселелерди чечүүнү көздөгөн өкмөт түзүүнү пландап жатат.

Жекшембидеги жергиликтүү шайлоодо бир катар ири шаарларда Макрондун борборчул партиясы Жашылдар партиясына утулуп калган.

Өкмөттүн кызматтан кетишинин бир себеби катары өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу абал да аталып жатат. Франция бул оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн тизмесинде 13-орунда турат.

Эдуард Филипп премьер-министр болуп 2017-жылы май айында дайындалган. Ага чейин жети жыл бою Гавр шаарынын мэри болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG