Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Пакистанда темир жол кырсыгынан 20 сикх зыяратчы мерт болду


Поезд сүзгөн фургондо 26 адам болгон.
Поезд сүзгөн фургондо 26 адам болгон.

Пакистандын түндүк-чыгышында поезд сикх зыяратчылары кетип бараткан фургонду сүзгөндөн кийин бери дегенде 20 адам ажал тапты. Бийлик өкүлдөрү окуя Пенжаб провинциясындагы Шейхупур шаарынан анча алыс эмес жерде болгонун, аварияга ылдам, башкаруучусу жок жүргөн поезд кабылганын маалымдашты. Фургондо 26 адам болгон. Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана балдар да бар экени кабарланды.

Полиция зыяратчылар негизинен Пешевар шаарынын түндүк-батышында жашай турганын билдирди. Бул аймакты сикх азчылыгынын 40 миңден ашык өкүлү байырлайт.

Алар Нанкана-Сахиб провинциясынан зыяраттан келе жатышкан. Бул аймакта сикхтер үчүн ыйык деп эсептелген жайлар бар.

Премьер-министр Имран Хан окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирди жана темир жолдогу коопсуздук маселеси караларына убада берди.

Пакистанда темир жолдо маал-маалы менен авария болуп турат жана поезддердин автоунаа менен кагылышкан учурлары буга чейин да катталган. Жыл башында Пакистандын түштүгүндө башкаруучусу жок поезд жүргүнчү ташыган автобусту сүзүп алган, анда 19 киши мүрт кеткен.

XS
SM
MD
LG