Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Украин ЖОЖдору Донбасстагы бүтүрүүчүлөрдү экзаменсиз кабыл алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын парламенти - Жогорку Рада 3-июлда Донбасстагы жикчил аймактардын мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына экзаменсиз кабыл алууга жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алды. Мындай жобо буга чейин аннексияланган Крымдан келген абитуриенттер үчүн колдонулуп келген.

Донбасстык жаштарды украин университеттерине экзаменсиз кабыл алууну президент Владимир Зеленский сунуш кылган жана Жогорку Радага атайын мыйзам долбоорун жөнөткөн.

Украин бийлиги өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган жикчил аймактардын жаштарын имерүүнү көздөп жатат.

Орусия да донбасстык жаштарды өзүнө тартууга аракет кылып келет. Москванын чечими менен Орусиянын паспортун алган жикчил аймактардын жаштары орус окуу жайларына жергиликтүү жарандар менен бирдей шартта тапшыра алат, ошондой эле орус окуу жайларына которулуу шарттары да жеңилдеген.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Мындан кийин Украинанын чыгышындагы өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атаган, Орусияга ыктаган жикчил аймактар түзүлгөн.

Беш жылдан бери украин өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышта 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG