Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Өзбекстан Кыргызстанга 100 даана ИВЛ аппаратын жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Кыргызстанга жардам иретинде 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ), 50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди. Анын айтымында, учурда бул жүк жана башка дары-дармектерди жүктөгөн учак Ташкенттен Бишкекти көздөй учуп чыкты:

«Бул жардам Кыргызстанга керек учурда жөнөтүлүп жатат. Азыр Бишкекке бир сааттан кийин учак барып конот. Эки элдин достугунун белгиси. Эки өлкө ортосундагы ынтымак барган сайын бекемделип жатат».

Элчи Жунусов коңшу өлкөнүн бийлиги буга чейин да бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөткөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) жарандар көбөйүүдө. Ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда. Бул жабдыктарды сатып алыш үчүн жергиликтүү ыктыярчы жарандар, уюмдар каражат чогултуп жатат.

2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт Кытайдан 500 даана кычкылтек концентраторун сатып алганын жана ал 3-июлда Бишкекке учак менен жеткирилерин айтты.

Премьердин билдиргенине караганда ушул тапта саламаттык сактоо мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентратору бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG