Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Бишкектеги "Discovery" мейманканасында убактылуу оорукана ачылат


"Discovery" мейманканасы
"Discovery" мейманканасы

Бишкектеги "Discovery" мейманканасынын негизинде убактылуу оорукана ачылып, коронавируска чалдыккан жеңил жана орто абалдагы бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Бул тууралуу мурдагы премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, аталган мейманкананын кожоюндары имаратты оорукана үчүн акысыз берүүгө макул болгон.

Ал эми андагы дарыгер, медайымдардын айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо-шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону Өмүрбек Бабанов өз моюнуна алмакчы.

Мындан сырткары мурдагы премьер-министр дарыгерлердин кесиптик майрамына карата 5 миллион сом бөлүп бере турганын жарыялады. Бул каражат учурда иштеп жаткан 800дөй дарыгер жана медайымдарга кошумча колдоо катары төлөнөт.

Өкмөт бул кабарды ырастап, "Discovery" мейманканасында 30 орундуу оорукана ачыла турганын маалымдады.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) жарандар көбөйдү. Ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда. Бул жабдыктарды сатып алыш үчүн жергиликтүү ыктыярчы жарандар, уюмдар каражат чогултуп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG