Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Францияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкери 30 жылга кесилди


Сириядагы согуш. Иллюстрациялык сүрөт
Сириядагы согуш. Иллюстрациялык сүрөт

Париж соту Франциянын жаранын 2013-2015-жылдары «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкери катары Сирияда кылмыштарга барганы үчүн отуз жылга эркинен ажыратты. 3-июлда чыккан соттун өкүмүнө ылайык, отуз жаштагы Тайлер Вилус «Ислам мамлекети» радикал уюмунун бир бөлүгү саналган “Ал-Мухажирин” террордук тобуна кошулганы жана адам өлтүрүүгө барганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Ал топко негизинен Түндүк Кавказ жана Борбор Азиядан баргандар кошулган жана алар Сириядагы бир катар кылмыштарга жоопкерчилик алышкан.

Прокурорлордун эсебинде, Вилус адамдарды дарга асууга жоопкер уюмдагы жетекчилердин бири болгон. Анткени 2015-жылы радикал уюмдун каналдарынын бирине жарыяланган видеодо соттолуучу дарга асылып жаткан адамдардан эки метр алыс турганын көрүүгө болот.

Вилус анда жөн эле окуяга тыштан көз салып турганын билдирген. Ал 2015-жылы Прагага баратканда Түркиядан кармалган.

XS
SM
MD
LG