Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Жээнбеков АКШны Көз карандысыздык күнү менен куттуктады


Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын президенти Дональд Трампты Кошмо Штаттардын Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, телеграмма жөнөттү.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Куттуктоодо Жээнбеков Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө бардык күч-аракеттерди жумшай турганын билдирген.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем”, - деп айтылат билдирүүдө.

АКШ эгемендик күнүн 4-июлда белгилейт.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгында акыркы жылдары солгундоо байкалган. Эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимди кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Андан бери жаңы келишим даярдалып жатканы кабарланганы менен кол коюла элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG