Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Иран өзөктүк объекттеги “окуянын” себебин аныктаганын билдирди


Ирандын Улуттук Коопсуздук боюнча жогорку кеңеш өзөктүк объектте болгон инциденттин себебин аныктаганын билдирди.

Бирок коопсуздук маселелерине шылтоо менен ачык айтуудан баш тартты. Нетенздеги уран байыткан заводдун имараты 2-июнда болгон жардыруудан же өрттөн улам жабыркап калган.

Бул ар кандай имиштердин чыгышына жем таштаган.

Өлкөнүн коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин маалымат катчысы Кейван Хосрави 3-июлда тергөөчүлөр “ар кандай жоромолдорду" текшергенден кийин "окуянын" себеби белгилүү болгонун билдирди.

Буга чейин Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттиги Нетенздеги уран байыткан заводдун жаңы курулуп жаткан бир имараты гана жабыркаганын, ал «өндүрүш кампасы» гана болгонун кабарлаган. Reuters агенттиги ысымдарын атабаган ирандык аткаминерлерге шилтеме жасап, өрт чын эле болгонун, аны атайын киберчабуул аркылуу бирөө тутантканын жазган. Бирок эч кандай далилдер келтирилген эмес.

Иран менен дүйнөлүк алты державанын 2015-жылдагы келишиминен кийин Нетенз заводун ушул тушта МАГАТЭ көзөмөлдөйт.

2018-жылы АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген.

Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG