Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

“Эркин Европа” радиосунун обого чыкканына 70 жыл толду


"Эркин Европа" радиосунун алгачкы студиясы. 1950-жылдар.
"Эркин Европа" радиосунун алгачкы студиясы. 1950-жылдар.

4-июлда “Эркин Европа” (Radio Free Europe) радиосунун обого чыкканына 70 жыл толду.

Радиостанция “Кансыз согуш” жылдарында ал кездеги социалисттик блокко кирген Болгария, Венгрия, Польша, Румыния жана Чехословакия өлкөлөрүнө маалымат таратуу үчүн түзүлгөн.

Алгачкы берүү Лампертхайм деп аталган Бавариядагы шаарда чех тилинде обого чыккан. Мындан соң Португалиядагы Глория деп аталган жерде кубаттуу станция курулган.

“Эркин Европа” радиосунун алгачкы кызматкерлери чыгыш европалык журналист, жазуучу, публицисттер болгон. Алар дүйнөдөгү абал, саясий-экономикалык маселелер боюнча маалыматтарды берип турган.

1976-жылы “Эркин Европа” жана “Азаттык” станциялары кошулуп, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу болуп түзүлгөн.

«“Темир көшөгө” жок болгон соңку 30 жыл ичинде техникалык мүнөздөмө өзгөргөнү менен көйгөйлөр мурдагы бойдон калууда. Биздин кесиптештер өз ишин берилүү менен аткарат, аудиториябыз бизге ишенет. Кыйын шарттарга карабай биз такталган жаңылыктарды берүүгө кам көрүп, өз көйгөйлөрүн кимге айтарын билбегендер үчүн маанилүү болгон эркин маалымат каражатынын үлгүсүн көрсөтүп келе жатабыз», - деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президентинин милдетин аткаруучу Дэйзи Синдлер.

Баш кеңсеси Прага шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосу учурда дүйнөнүн сөз эркиндиги чектелген же эркин маалымат каражаты жакшы өнүгө элек 22 өлкөсүндө 23 тилде иш жүргүзөт. Корпорациянын аудиториясы 34 миллион адамды түзөт.

Редакторлук саясатын эркин жүргүзгөн медиа мекеме АКШнын Глобалдык медиасы аркылуу Конгресс бөлгөн гранттан каржыланат.

XS
SM
MD
LG