Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Оренбургдагы жана Самарадагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлгөнү кабарланды


Самарада ара жолдо калган мигранттар.
Самарада ара жолдо калган мигранттар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Оренбург жана Самарадагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кабарлады. Элчилик тараткан маалыматка ылайык, 5-июлда Оренбург жана Самара облустарынан 31 автобус менен 1 496 кыргызстандык мекенине жөнөтүлгөн. Алардын арасында жашы өткөн 27 адам, балалуу 21 эне бар.

Элчилик бул тизмеге Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чатыр лагерде Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон кыргызстандыктар да киргенин кошумчалады. Жолдо калган жарандар коронавирусту аныктоо боюнча акысыз тест тапшырган. Ал эми мигранттардын жол акысын Коронавируска каршы республикалык штаб төлөп берген.

Элчиликтин маалыматы боюнча, март айынан бери Орусиядан 57 абакаттамы уюштурулуп, 14 344 адам кайтарылган. Анын ичинде Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 51 автобус менен 2 470 кыргызстандык келген.

Элчилик эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу Орусия менен Казакстандын чек арасы жабык экенин жана азыр жолго чыкпоону эскертти.

Буга чейин Самара облусундагы орус-казак чек арасында ондогон кыргызстандык талаада түнөп жатышканын “Азаттык” радиосуна кабарлашкан. Алар Москвадан автобус жалдап жолго чыгып, орус-казак чек арасынан өтө албай калышканын айтышкан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG