Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Австрияда чеченстандык бозгун өлтүрүлдү


Мамихан Умаров
Мамихан Умаров

Австриянын борбору Венанын чекесиндеги шаарчада теги чеченстандык Мамихан Умаровду атып кетишти. “Кавказ. Реалии” редакциясынын маалыматы боюнча, Умаров Веналык Анзор деген ат менен белгилүү болчу. Ал өзүн Искерия сепаратисттик республикасынын Коопсуздук министрлигинин кызматкери деп атап, Чеченстандын азыркы башчысы Рамзан Кадыровду сындап келген. Умаров Орусиянын атайын кызматтарын Чеченстандан Европага качкан мурдагы сепаратисттерге жана эмигранттарга кол салууга айыптап келген. Ошондуктан Австрия бийлигине кайрылып, саясий башпаанек берүүнү өтүнгөн.

Австриядагы "Österreich" гезити жазганына караганда, Мамихан Умаровго шаардагы соода борборунун жанында кол салышкан. Кылмышка шектүү күмүш түстүү машинеге түшүп качып кеткен. Көп өтпөй полиция шектүү кармалганын жарыялады.

Кылмышка шектүү да чеченстандык экенин Европадагы чечен диаспорасынын өкүлү "Кавказ. Реалии" басылмасына ырастады.

Акыркы айларда Европада баш калкалап жүргөн бир нече чеченстандык адам өлтүрүлдү. Бул кылмыштар үчүн Рамзан Кадыров башында турган чечен бийлигин күнөөлөп келишет.

XS
SM
MD
LG