Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Орусияда Прокопьеваны колдоп чыккан журналисттер кармалды


Светлана Прокопьева сотто
Светлана Прокопьева сотто

Орусиянын Псков шаардык полициясы 4-июлда жергиликтүү “Псков губерниясы” басылмасынын редактору Денис Камалягинди жана журналист Владимир Капустинскийди кармап кетти. Алар журналист Светлана Прокопьеваны колдоо максатында пикет өткөрүп жатышкан.

“Коммерсантъ» гезитинин кабарлашынча, Псковдогу Октябрь аянтында ишемби күнү журналистти колдоо иретинде бир нече пикет өтүп жаткан.

Буга чейин Псковдогу аскердик соттун көчмө жыйынында мамлекеттик айыптоо Светлана Прокопьеваны алты жылга эркинен ажыратууну жана төрт жыл кесиби менен алектенүүгө тыюу салууну суранган.

Орусиялык журналист Светлана Прокопьевага «террорчулукту актаган» деген айып коюлган. 2018-жылы «Эхо Москвы» радиосунун эфиринде Прокопьева Архангельскидеги ФСБ имаратындагы жардырууга комментарий берип, 17 жаштагы анархистти терактка «өлкөдөгү репрессиялык режимдин аракеттери түрткөн болушу мүмкүн» деп болжолдогон. Ошондон кийин журналистке карата териштирүү башталган болчу.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташып келген Прокопьеванын сот жообуна тартылып жатышын буга чейин «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму, Орусиянын Эркин журналисттер кошууну, бир катар укук коргоочу уюмдар айыпташкан. Ага каршы ишти токтотууну Орусия президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңеш да талап кылган.

Жакында “Эркин Европа/Азаттык” радиосу журналистти колдоп билдирүү тараткан.

XS
SM
MD
LG